Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аракет эле кылып көрсүнчү!” Ташиев Жоламан Шаршенбековдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

«Мыйзам кабыл алынды, биз, жарандар, ага баш ийүүгө милдеттүүбүз!»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековдун Кыргызстандын эски желегинин астында беттештерин уланта турганы боюнча айткан билдирүүсүнө жооп кайтарды.

«Мамлекеттик желеги жок бир дагы спортчу кандайдыр бир расмий мелдештерге катышууга укугу жок. Аракет эле кылып көрсүн!!! Мыйзам кабыл алынды, биз жарандар ага баш ийүүгө милдеттүүбүз!” - деп жазган Ташиев комментарийде.

Белгилей кетсек, бир аздан кийин бул комментарий өчүрүлгөн.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы пикирин билдирген. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындан ары да эски желектин астында беттештерин уланта турганын айткан. «Мен желекти алмаштырууга каршымын. Желек алмашкандан эч кандай чыгаша болбойт деп жатышат. Менде эски желек бар. Жаңысын алууну пландаган эмесмин», - деген спортчу.

Эскерте кетсек, кечээ 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда жактырышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх