Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов: Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды баласындай жакшы көрүшөт

Кабминдин башчысынын орун басары Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн айтты

Кабминдин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасында спортчу Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн жазды. Анда Байсалов президент Садыр Жапаров дагы, Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды керек болсо баласындай жакшы көрөрүн айткан.

- Мен Жоламан баатыр менен байланышып, сүйлөштүм. Ал Өзбекистанда сбордо машыгууда. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым, - деп жазган Байсалов.

Эске салсак, кечээ грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, мындан ары да эски желектин астында күрөшө берерин айткан. Спортчунун бул пикирине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев реакция кылып, “аракет кылып эле көрсүнчү, мыйзам баарына бирдей деп жазган”.

Атайын кызматтын башчысынан кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да пикир калтырып, “Мамлекеттин сыйын көрү, колдоосун алып, бирок, саясатка мурдун тыгып бузукулук кылгандар ойлонуп кадам таштаңыздар” деп ошол эле Фейсбуктан жазат.

Дүйнө чемпионунун туу боюнча жасаган пикирине жооп кайтарган аткаминерлердин тизмеси дагы уланып, кезек президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге жетет. Ал өз билдирүүсүндө мамлекет спортчуларга көңүл буруп, үй-машине алып берип жаткан мезгилде алар саясатка аралашпай эле койсо деген пикирин калтырган.

Коомчулукта бул жагдай боюнча кызуу талкуу жүрүп, өлкө намысын далай коргоп келген спортчуга мындай мамиле жасалганына нааразычылыктар күчөөдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх