Садыр Жапаров УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын имаратын ачты
Курулушка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылган
Садыр Жапаров кечээ, 21-декабрда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, жалпысынан 2 миң чарчы метр аянты толугу менен оңдолуп, 500 чарчы метрден ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы споттук аянтчалар салынды.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-2» көзөмөл-өткөрүү пунктунда да болгон. Көзөмөл-өткорүү пункту «Бажы инфратүзүмү» мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон кийин пайдаланууга берилди.
Фото www