Соцфонд: Кыргызстанда 2024-жылы пенсия дагы жогорулайт
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда
Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев.
Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда.
“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, - деп кошумчалады ал.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз