Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы объекттердин курулушу менен таанышты

Шаарда жалпысынан 639 батир курулууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы көп батирлүү турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжолдуу наркы 1 млрд 704 млн сомду түзгөн бул турак жай комплекси курулуп бүткөн соң муниципалдык жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлерге жана башка жарандарга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Учурда 500 млн сом бөлүнүп, курулушту президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызстройсервис” компаниясы жүргүзүүдө. Жалпысынан 639 батир курулууда.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Курук-Сай участкасындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын курулушу менен таанышты. Жалпы сметалык баасы 375 млн сом болгон ишкананы курууга Кытайлык инвесторлор учурда 210 млн сом жумшалганын билдиришти.

Акылбек Жапаров келе жаткан жылы 30 миң тонна битум сатып алуу пландалып жатканын айтып, ишкана жетекчилиги биринчи кезекте чыгарылган продукциянын сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх