Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаанын Биринчи май районунун акими иштен алынды

Райондо сойкулук менен күрөш жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү аныкталды

Бишкектин Биринчи май районунун акими менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды. Бул тууралуу төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда билдирди. Ал эми борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К. Ташиевдин көмүскө жайларга каршы күрөшүү иштерин уюштуруу тапшырмасын аткаруу боюнча борбордун Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын иши иликтенген.

- Аталган тапшырманын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын башчысы М.Осмонов жана №14 МАБ башчысы А. Б. Төлөкулов тарабынан бул тапшырманы ишке ашыруу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөгөндүгү, формализм жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жетишсиздиги аныкталган. Көмүскө жайлардын ишмердүүлүгүнүн улантылышы Бишкектин райондорунун жетекчилеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилесинин кесепети болуп саналат, бул тууралуу мэр А.Ж. Джунушалиев жыйында акимдерге эскерткен. Ошондой эле, мэриядагы жыйындын жыйынтыгы менен акимдерге жана шаардык ички иштер башкармалыгына бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди, - деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын корутундусунун негизинде мэрия Биринчи май районунун башчысы М.Осмоновду, Биринчи май районунун акиминин орун басары Ч.Байсовду, Бишкек шаарынын №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы А.Төлөкуловду ээлеген кызматынан бошотуп, бир катар башка кызмат адамдарына сөгүш жарыялады.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх