Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Президент Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери «Павловск» коругуна, «Царское Село» жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.
Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх