Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады
Депутаттык комиссия түзүлдү
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты ("Альянс" фракциясы) Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев бүгүн, 27-декабрда ЖКнын жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.
Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз