Мамлекеттик лотерея компаниясы жоюлушу мүмкүн
Кабминдин төрагасы мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.
Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган жыйында аталган ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
«Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек?», — деп суроо салып, министрлер кабинетинин башчысы ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керектигин баса белгиледи.
Фото www