Кыргызстанда туу менен гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталууда
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев сунуштап, документ 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз