Бишкек мэри Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Бишкек шаары менен Эр-Рияд шаарынын ортосунда кызматташууну түзүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Бишкек менен Сауд Аравиянын шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, анын ичинде эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды.
Келе жаткан 2024-жылы Бишкек шаары менен Эр-Рияд шаарынын ортосунда кызматташууну түзүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда.
Фото www