Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Султанбеков Ташиевге: Туу боюнча бүтүндөй өлкөгө калп айткандарды жоопко тарта аласызбы?

Саясатчы ошондой эле Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз желекти илгендерди жоопко тартууну суранды

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди өлкөнүн башкы аянтына мыйзамсыз тууну илип койгондорду жазалоого чакырды.

«Спортчулар Кыргызстандын эски желеги менен күч сынашабыз деп айтканда, сиз аларды коркутуп, баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек деп айткан элеңиз. Бүгүн мамлекет башчы өзү парламент бекиткен жаңы желектин сүрөтүн жарыялады. Ал ортодо парламентте кабыл алынбаган, президент кол койбогон желек өлкөдө бир жума илинип турду. Президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн башчысы бүтүндөй өлкөгө ачыктан-ачык калп айтып, желек башка экенин айтып чыкты.

Өлкөнүн башкы аянтына жок желек жасап, илип койгондорго чара көрө аласызбы? Желек боюнча бүтүндөй өлкөгө калп айткандарды жоопко тарта аласызбы? Же мыйзам алдында баары бирдей эмеспи? Спортчулар менен жогорку мамлекеттик кызматкерлердин айырмасы чоңбу?”. — деп жазган Султанбеков.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх