Казакстанда алдамчылыкка шек саналган жаран Бишкекте байкоочу камералардын жардамы менен кармалды
Шектүүгө Казакстанда каржы пирамида схемасын түзүү жана аны жетектөө айыбы менен издөө жарыяланган
Кыргызстандын аймагында Казакстанда алдамчылыкка шек саналып, издөө жарыяланган жаран кармалды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Алматынын тургуну сырткы видеобайкоо камераларынын жардамында колго түшкөн.
Шектүүгө Казакстанда каржы пирамида схемасын түзүү жана аны жетектөө айыбы менен издөө жарыяланган. Учурда шектүү Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз