Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды

Байсалов православ дини Кыргызстандын көп улуттуу элинин салттуу диндеринин бири катары таанылаарын белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватийге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов Христостун туулган күнүнө байланыштуу епископ Савватийди жана өлкөнүн православ христиандарын куттуктап, жалпы православ коомчулугуна бакыт, жакшылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары православ дини Кыргызстандын көп улуттуу элинин салттуу диндеринин бири катары таанылаарын белгиледи.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх