Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан мырза Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди
Сапардын алкагында ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан мырза Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорку конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев тосуп алышты.
Сапардын алкагында ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Фото www