Прокуратура Ырыс Жекшеналиевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн берди
Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда Фейсбукта бөлүшкөн видеосу үчүн кармалган
Прокуратура активист Ырыс Жекшеналиевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.
Анын айтымында, прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.
- Иштин эмнесин кайра кароо керектиги түшүнүксүз. Анткени иш өткөн жылдын август айынан баштап каралган, 4 ай тергөө болду. 1 жыл соттук териштирүү жүрүп, 2 жолу экспертиза дайындалган – деген жактоочу.
Эске салсак, Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн кармалган.
2023-жылдын 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны толук актаган чечим чыгарган.
Фото www