Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Минэнерго: Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат

Адистер Жаңы жылга карата майрамдык күндөрү күнү-түнү өз жумуш орундарында күчөтүлгөн режимде иштешкен

Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын адистери майрам күндөрү күндөрдөй эле күнү-түнү өз жумуш орундарында күчөтүлгөн режимде иштешти.

Бекитилген графикке ылайык, борбордук аппараттын жетекчилиги, филиалдардын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү жооптуу адистер нөөмөттө болушту. Жабдыктардын иштешине өзгөчө көзөмөл орнотулуп, өрт коопсуздугун жана ишкананын объектилерин кайтаруу режимин күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралган.

"Көрүлгөн чаралар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Жаңы жылдык майрам күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын карамагында жайгашкан объектилерде электр энергиясы менен камсыздоодо өзгөчө кырдаалдар жана олуттуу үзгүлтүктөр катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

- Бүгүнкү күндө ишкананын бардык энергетикалык объектилери штаттык режимде иштеп жатат жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана бардык категориядагы абоненттерди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер уланууда. – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча компаниянын Бирдиктүү маалымдама чалуу борбору: 105, 1209 номерлери күнү-түнү жана дем алышсыз иштейт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх