Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Имамидин Ташов:УКМК кызматкерлери мени уурдап чыгып, 100 миллион акча талап кылышты -видео

Ишкер ошондой эле желекти алмаштырууга каршы экенин да баса белгилеген

KG Групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов УКМК кызматкерлери аны уурдап чыгып, 100 миллион сом талап кылганын билдирди. Анын видео кайрылуусун активист Тилекмат Күрөңов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Ташовдун айтымында, 2023-жылдын 27-декабрында ага белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, сүйлөшүүгө чакырышкан. Жолуккандан кийин алар ишкерди байлап, күч менен машинага салып, белгисиз жакка алып кетип, сегиз күн кармашкан имиш.

«Компанияны тартып алып, жакындарыма зыян келтиребиз деп коркутушту», - деген ишкер.
Имамидин Ташов ошондой эле ноябрь айынын аягында УКМК ага негизсиз айыптарды тагып, жасалма иш менен мамлекетке 52,4 миллион сом котортконун белгиледи.

Ал ошондой эле УКМК жарыялаган курулуш компаниялардын камактагы өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик бюджетке төлөнүп жаткан цифралар чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

«Алар расмий жарыялангандан үч эсе көп сумманы беришти. Ишкерлерге кысым көрсөтсө, кантип инвестиция жөнүндө сөз болот? Болгондо да камап, акчасын алып, ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирип жатасыңар», - деди Имамидин Ташов.
Ишкер ошондой эле желекти алмаштырууга каршы экенин да баса белгилеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх