Эмил Жамгырчиевдин парламенттен качкан видеосу тарады
Мурда депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген
Эмил Жамгырчиевдин кечээ, 9-январда парламенттен качкан видеосу пайда болду. Депутаттын коридордон шашып кетип, улам артын кылчактап карап баратканын “Азаттыктын” журналисттери видеого тартып алышкан.
Эске салсак, ага чейин Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ага журналисттерди чакырып, ага кылмыш иши козгоонун чыныгы себептерин айтам деген.
Ошол эле учурда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болгон. Комиссиянын акыркы корутундусуна 8 депутаттын 7си добуш берген.
Такталбаган маалыматтарга караганда, депутат 1-кабаттагы кесиптештеринин биринин кабинетинен пайдаланып, шашылыш түрдө парламенттен чыгып кетип, терезеден секирип кеткен. Редакциянын Жамгырчиев учурда УКМКдабы деген суроосуна азырынча жооп ала алган жокпуз.
Эмил Жамгырчиев мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелүүдө. Депутат өзү бул айыпты четке кагууда.
Фото www