Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда кылмыш иши козголду
Ал 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылып, ошондой эле айыппул төлөшү мүмкүн
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев билдирди.
Ал Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча комиссиянын чечимине комментарий берди.
«Тергөө чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча далилдерди келтирди. Жамгырчиевге өзбек тарап дагы кылмыш ишин козгогон. Ошондуктан макул болдук», — деди Эрбаев.
Ал ошондой эле Жамгырчиев айыпталып жаткан беренеде анча оор эмес кылмыштар айтылып, 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 500дөн 100гө чейин (50-100 миң сом) айыппул салуу каралганын белгиледи.
Алишер Эрбаевдин айтымында, Эмил Жамгырчиев белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген ат менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Эске салсак, бир күн мурун Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ага журналисттерди чакырып, ага кылмыш иши козголгонун чыныгы себептерин айткысы келген. Ошол маалда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болду.
Муну уккан Эмил Жамгырчиев парламенттен шашылыш чыгып, биринчи кабаттагы кесиптештеринин иш бөлмөсүнүн терезесинен секирип кеткенин журналисттер айтышкан.
Фото www