Депутат камактагы активист Афтандил Жоробековду бошотууну суранды
"Жаңы жылды жакшы маанай менен баштайлы"
Депутат Нуржигит Кадырбеков камактагы активист Афтандил Жоробековду бошотууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал активист Кыргызстандын желегин өзгөртүүнү сындаганы үчүн кармалганын эске салды.
«Бир күн мурун алар жаңы желекти көтөрүштү. Жаңы жылды жакшы маанайда баштайлы. Афтандил Жоробековдун апасы камактан бошотууну суранууда. Анын өтүнүчүн карап чыгууну суранам», - деди Кадырбеков.
ъЭске салсак, Афтандил Жоробековго массалык баш аламандыкка чакыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эки айга камакка алынган.
Активисттин апасы баласынын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, аны бошотууну суранган видео кайрылуу жиберген.
Фото www