KG Групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыяланды
Ал мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталууда
Президенттикке экс-талапкер, KG Групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ташов мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталууда.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери тарабынан барымтага алынып, 100 миллион сом талап кылынганын айткан видео тараган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз