Депутат Алимжанова Эмил Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештен качканынын чоо-жайын айтып берди
Ал чын эле Жамгырчиев анын 2-кабаттагы иш бөлмөсүнүн терезесинен секирип кеткенин ырастады
Депутат Нилуфар Алимжанова кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин парламенттен качышынын чоо-жайын журналисттерге айтып берди.
Ал чын эле Жамгырчиев анын 2-кабаттагы иш бөлмөсүнүн терезесинен секирип кеткенин ырастады.
«Эмил Жамгырчиев менин кабинетимде биздин фракциянын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшүүнү суранды. Сыртта күттүк. Жардамчыларым да чыкты. Анан комендант келип, экинчи кабаттан бирөө секирип кеткенин билдирди. Иш бөлмөсүнө киргенибизде депутат жок, терезелери ачык экен», — деди Алимжанова.
Буга чейин Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга Жогорку Кеңешке макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев Өзбекстанда Жамгырчиевге чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген каймана ат менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
Мындан кийин 16-декабрда кайрадан Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкекке кайтып келген.
Эске салсак, бир күн мурун Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ага журналисттерди чакырып, эмне үчүн чындап эле ага кылмыш иши козголгонун айткысы келген. Ошол эле маалда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болду.
Мындан кабардар болгон Эмил Жамгырчиев кесиптештеринин биринин иш бөлмөсүнөн пайдаланып, шашылыш түрдө парламенттен чыгып кетип, терезеден секирип кеткен.
Фото www