Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Өзбекстанда Жамгырчиевге эки кылмыш иши козголгон

Бир кылмыш иши алдамчылык боюнча козголгон

Өзбекстанда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге эки кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, биринчи иш чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча, экинчиси алдамчылык фактысы боюнча козголгон.
Ташиев Жамгырчиев Өзбекстанга барып, ишкер Салим Абдувалиев менен жолугуп, Кыргызстанда тартипти орнотууга жардам сураганын айтып бероген. Бирок, анын айтымында Абдувалиев Кыргызстандын ишине кийлигише албайм деп жооп берген.

«Абдувалиев ошондой эле Жамгырчиев жардамчысын таштап кеткенин билдирди. Анын айтымында, Жамгырчиев бир нече күн мейманканасында жашап, акчасын төлөбөй жоголгон. Ошондуктан Өзбекстанда ага карата эки кылмыш иши козголду: биринчиси алдамчылык боюнча, экинчиси мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн», - деди Ташиев.

Эске сала кетсек, бир күн мурун Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ага журналисттерди чакырып, ага кылмыш иши чынында эмне себептен козголгонун айткысы келген. Ошол эле маалда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болгон..
Муну билген Эмил Жамгырчиев экинчи кабаттагы кесиптештеринин биринин иш бөлмөсүнөн пайдаланып, терезеден секирип кеткен.

Бүгүн парламент жыйынында Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңешке макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев Өзбекстанда Жамгырчиевге чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди. . Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген каймана ат менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан кийин 16-декабрда кайрадан Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкекке кайтып келген.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх