Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алагөзов: Президенттин атын жамынып, көз боёмочулук кылгандар чыгууда

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы шылуундарга ишенбөөгө чакырды

Учурда президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымына караганда, алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

"Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак, же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз", - деп баса белгиледи президенттин маалымат катчысы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх