Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев жакында Кыргызстанга келеби? Экс-президенттин уулу жооп берди

Сеид Атамбаев атасынын ден соолугунун абалы жөнүндө дагы айтып берген

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаев жакында Кыргызстанга келери, ага байланыштуу митинг өткөрүлөт деген маалыматтар тарап жатат. Экс-президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу акыркы күндөрү атайын провокацияга түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатканын жазды.

Ал бул  тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт экенин белгиледи.

- Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Провокацияга алдырбагыла туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар кана уюштурушу мүмкүн. Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам!,-деп жазган ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх