Депутат мамлекеттик ипотеканы бюджеттик кызматкерлерге эле эмес, бардык жарандарга берүүгө чакырды
"Канча жылдан бери иштеп, бирок турак жай сатып ала албаган башка жарандар жөнүндө ойлонууга убакыт келди"
Депутат Нуржигит Кадырбеков Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу бюджеттик кызматкерлерге эле эмес, бардык жарандарга ипотекалык турак жай берүүгө чакырды
Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик ипотекага мүмкүнчүлүгү бар болгону жакшы, бирок көп жылдар бою, анын ичинде Орусияда иштеп жүргөн жарандардын Кыргызстандан турак-жай сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок.
«ГИК жеңилдетилген ипотекалык насыяны бюджеттик кызматкерлерге гана берет, ал эми башка иштеген жарандарчы? Аларды да ойлонууга убакыт келди», - деди Кадырбеков.
Ал ошондой эле кыргызстандыктарга турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү болсо, мигранттардын саны азаймак деп белгиледи.
Фото www