Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери дагы деле белгисиз

Телефону өчүк, туугандары менен дагы байланышкан эмес

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин кайда экени али белгисиз. Бул тууралуу фракция лидери Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Жамгырчиевдин телефону өчүк.
«Аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Туугандары жана достору менен да байланышкан эмес», - деди Акаев.

Эске сала кетсек, 9-январда Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ага журналисттерди чакырып, ага ачылган кылмыш ишинин чыныгы себептерин айткысы келген. Ошол маалда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болгон.
Муну уккан Эмил Жамгырчиев экинчи кабаттагы кесиптештеринин биринин иш бөлмөсүндөгү терезеден секирип кеткен.
10-январда парламенттин жыйынында Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңешке макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев Жамгырчиевге Өзбекстанда чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген ысым менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан кийин 16-декабрда кайрадан Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкекке кайтып келген.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх