Нурдан Орунтаев: Жакынкы аралыкта айрым ири объектилерди бузабыз
Кеп бизнес имараттары жөнүндө болуп жатабы?
Быйыл Мамкурулуш мыйзамсыз курулган коммерциялык имараттарды бузууну баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, айдын башынан бери комиссия түзүлгөн. Ал мыйзамсыз курулган коммерциялык имараттарга байланыштуу маселелерди карайт.
«Жакынкы аралыкта айрым ири объектилерди бузууга аргасыз болобуз. Азырынча кайсынысы жана качан экенин айтпайм. Бирок мындай имараттар борборубуздун олуттуу проблемаларынын бири. Эл нааразы. Мамлекеттик органдар да эскертүүлөрдү беришкен. Бирок, маселе чечилген эмес. Январдын башында жаңы комиссия түзүлдү. Белгилүү талаптар бар, эгер ээлери аны аткарбаса, имараттарды бузууга туура келет», - деди чиновник.
Фото www