Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга келгени белгилүү болду

Эл өкүлү сурак берип кайра чыккан

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн УКМКга сурак берүү үчүн келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат 12-январда УКМК спикерге жана Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын лидерине депутат Жамгырчиевдин тергөө амалдарына катышуусун анда эл өкүлүн камоо маселеси болбогонун белгиледи.
«Ушул эле күнү Э.Жамгырчиев УКМКга келип, жактоочунун катышуусунда шектүү катары суракка алынып, тергөө аракеттери жүргүзүлгөн. Депутаттын тергөө органдарына келип туруу талабы менен ал бошотулду. Учурда депутат Э.Жамгырчиевдин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө иштери акыркы баскычта, жакынкы аралыкта белгиленген тартипте иш аягына чыгып, маңызы боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт. ", - деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ал иш-чарага га журналисттерди чакырып, ага кылмыш иши козголгонунун чыныгы себептерин айткысы келген. Ошол эле учурда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болгон.

Муну билген Эмил Жамгырчиев экинчи кабаттагы кесиптештеринин биринин иш бөлмөсүнун терезесинен секирип кеткен.

10-январда парламент жыйынында Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңешке макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев Өзбекстанда Жамгырчиевге кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген ысым менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан кийин 16-декабрда кайрадан Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкекке кайтып келген.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх