Жылып калды. Борбор калаада жол кире бүгүн көтөрүлбөйт
Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды
Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тарифти жогорулатуу кол коюу процедурасы аяктай элек.
Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган болчу.
Жаңы эреже боюнча, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.
Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.
Фото www