24.kg маалымат агенттигинин жетекчилигин УКМКга суракка алып кетишти
Редакциянын компьютерлери жана документтери конфискацияланганы айтылууда
24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редактору Антон Лаймар жана шеф-редактор Махинур Ниязова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка алынды. Маалыматты басылманын өзүнөн тастыкташты.
Адвокаттар Артем Иванов менен Нурбек Садыков алар менен атайын кызматка барганы белгилүү.
Басылманын маалыматы боюнча УКМКнын кызматкерлери редакциядан компьютерлерди жана документтерди алып кетишкен. Тинтүү жүргүзүүгө уруксатты борбор калаанын Биринчи Май райондук соту берген.
Белгилей кетсек, иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз