Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч адамдын өлүмү. Ашыралиев балдарды өлтүрбөгөнүн айтууда

Ал жазасын жеңилдетүүнү суранды

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда үч адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин иши боюнча соттук отурум уланды.Ашыралиеванын жактоочусу соттолуучунун жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен кайрылган, анткени анын айтымында, биринчи инстанциядагы сот коомчулуктун басымы менен адилетсиз өкүм чыгарган.
Чынтемир Ашыралиев өзү ал түнкү окуя эсинде жок экенин, бирок балдарды өлтүрбөгөнүнө толук ишенерин билдирди. Ал ошондой эле өлтүрүлгөн аялдын 17 жаштагы кызы Алтынай апасы менен уруша кетип, терезеден өзү секирип кеткенин айткан.

Ошондой эле, Ашыралиев маркум Алтынайдын эсебинен жашаганын, ага акча берип, унаа сатып алганын четке кагууда.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу, ошондой эле прокурор биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, өзгөртүүсүз калтырууну суранышты.

Бүгүн саат 17.00дө соттолуучу Ашыралиев акыркы сөзүн сүйлөйт.

Эске салсак, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 50 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана 8 жаштагы уулу батирде киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Адам өлтүрүүгө шектелип 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалды. Ал кол күрөш боюнча эл аралык спорт чебери, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондугу белгилүү болгон. Ошондой эле, ал УКМКнын 9-кызматында 15 жыл иштегени маалым.
3-ноябрда борбор калаанын Октябрь райондук соту Чынтемир Ашыралиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх