Жогорку Кеңештин күн тартибинен ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам алынып салынды
Сунушту бардык депутаттар бир добуштан колдоп беришкен
Президенттик администрация тарабынан Жогорку Кеңешке сунуштаган ЖМКлар тууралуу жаңы мыйзам бүгүн Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен чыгарылды. Мындай сунушту депутаттар Айбек Осмонов, Чыңгыз Айдарбеков жана Кубанычбек Самаков киргизишти. Комитеттин бардык мүчөлөрү бул чечимди бир добуштан колдошту. Мунун маанисин жактоочу Таттуубүбү Эргешбаева редакцияга төмөнкүдөй түшүндүрүп берди. «Мыйзам дагы эки жума же бир айдан кийин комитеттин жыйынына коюлат.
Бирок параллелдүү түрдө бул мыйзам долбоору Социалдык саясат жана транспорт комитетинде каралат. Бул эки комитет дагы мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырса, анда биз убакыттан утабыз. Эгерде алар четке кагса, мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлөт. Ал эми бул демилге 6 ай бою Жогорку Кеңешке чыга албайт», - деди ал.
Фото www