Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министрлиги: Мамлекеттик органдар өз сайттарын каттоого милдеттүү эмес, бул милдет жарандар гана жүктөлөт

Кубанычбек Самаков буга каршы чыкты

Мамлекеттик органдар өздөрүнүн веб-сайттарын каттоого милдеттүү эмес. Бул тууралуу бүгүн ЖМКлар тууралуу жаңы мыйзам талкууланып жаткан Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Маданият министрлигинин башчысынын орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Депутат Кубанычбек Самаков чиновниктен ЖМКлар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса сайттарды ким каттоого аларын сурады.

«Жарандар жана ишкерлер каттоодон өтүшү керек. Сайтты бир жаран өзү үчүн ачса да же кафе иштеткени мисалы», - деп жооп берди Чыңгыз Эсенгул уулу.
Буга жооп катары Кубанычбек Самаков мындай көзөмөлдүн кереги жок экенин билдирди.
«Милдеттүү каттоодон өтүү ЖМК сайттарына гана тиешелүү болушу керек. Калганын мажбурлоонун кереги жок, бул Конституцияга каршы келет», - деп эсептейт эл өкүлү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх