Тазабек Икрамов бүгүнкү жапырт камоолор боюнча: Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат
Эл өкүлү укоргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барарына ишенерин билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн таң эртеден бери ИИМ тарабынан журналисттердин камалышы тууралуу Фейсбуктагы баракчасында үн катты. Эл өкүлүнүн пикиринде мындай кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат.
- Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан “24 kg” маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем, - деп жазган Икрамов.
Эске салсак, бүгүн эртең менен беш журналисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 8ге жакын журналист күч органдары тарабынан Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилгени маалым болгон.
Фото www