­
Болот Темировдун жубайы суракка алынып келинди - видео - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Темировдун жубайы суракка алынып келинди - видео

Милиция Темиров Live кеңсесинен бардык жабдыктарды алып кеткени маалымдалды

Болот Темировдун жубайы менен Темиров Live басылмасынын директору Махабат Тажибек кызы сурактан кийин Ички иштер министрлигине суракка алынып келингени белгилүү болду. Маалымат бодюнча адвокатка аны менен бирге кирүүгө уруксат берилген эмес.

Махабат Тажибек кызы журналисттерге ИИМдин кызматкерлери буга чейин айткандай адвокаттан баш тартпаганын айтууга үлгүрдү. Ал ошондой эле Ички иштер министрлигинин башчысы Уланбек Ниязбеков менен депутат Надира Нарматованын атын атап, тинтүү жана анын кармалышы журналисттердин алар тууралуу материалдарына байланыштуу экенин айтты.

Тинтүүдөн кийин Темиров Live кеңсесинен бардык жабдуулар чыгарылып кеткен.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 10 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишкен.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Темиров Live медиаларынын баракчаларынан массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылганын билдирди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх