Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койду

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Улан Уезбаевге карата Бишкек сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөндүгүнө байланыштуу, мэр Айбек Жунушалиев У.Уезбаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда Биринчи май райондук соту тарабынан Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх