Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

24.kg маалыматтык агенттигинин башкы директору жана башкы редактору кайрадан суракка чакырылды

Азыр алар УКМКда

24.kg маалыматтык агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен башкы редактору Махинур Ниязова кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын өзүнөн билдиришти.
Басылманын жетекчилиги бүгүн, 17-январда саат 11.30га УКМКга чакырылган.

Эске салсак, 15-январда 24.kg сайтында тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан соң маалымат агенттигинин жетекчилиги УКМКга суракка алынып кеткен. Атайын кызмат тинтүү иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болгонун билдирген.
«Адилет» укуктук клиникасы 24.kg кызматкерлеринин жана алардын жактоочуларынын медиа кеңсесин тинтүү жана документтерин алуу учурунда укуктары бузулганын жарыялаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх