Дастан Бекешев: ЖМКлар бийликти жакшы көрүүгө милдеттүү эмес. Алардын миссиясы – бийликтин каталарын табуу
Ал журналисттердин камалышы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн парламент жыйынында көз карандысыз маалымат каражаттарына колдоо билдирди.
Ал ошондой эле бийлик өкүлдөрүнөн ЖМКлар мыйзамдарды бузуп жатканын же тескерисинче мыйзамдар маалымат каражаттарынын укуктарын тебелеп жатканын иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чакырды.
«24.кг агенттигине кылмыш ишин козгоо туура эмес. Өлкөбүздүн тарыхынан ыңкылаптар, мамлекеттик төңкөрүштөр башкача болоорун билебиз. Колунда видеокамера, телефону көтөргөн жаш жигиттер төңкөрүш кыла алышпайт, бийликке коркунуч алып келишпейт.
Журналисттер ИИМ министрине карата суроолорду берип жатканда биз комиссия түзүп, же прокуратура жооп бериши керек болчу. Эгерде фактылар тастыкталса, иш козголушу керек эле. Ал эми 11 жаш балага ИИМ жетекчисинен өч алуу максатында иш козголсо, анда иш чатак, бирок андай эмес деп ишенем. ЖМКлар бийликти жакшы көрүүгө милдеттүү эмес. Алардын миссиясы – бийликтин каталарын табуу», - деди Бекешев.
Эске сала кетсек, 15-январда 24.kg сайтында тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан соң маалымат агенттигинин жетекчилиги УКМКга суракка алынып кеткен. Атайын кызмат тинтүү иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болгонун билдирген.
16-январда Темиров Live компаниясынын бир катар мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйүндө да тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, сурактан кийин 48 саатка камакка алышкан.
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Фото www