“Кыргызфармациянын” жана Дары каражаттары департаментинин башчылары кызматтан бошотулду
Маалыматты Саламатыкты сактоо министрлиги ырастады
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Гүлмира Шакирова менен Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин башчысы Мариям Жанкорозова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, Гүлмира Шакирова кызматка 2023-жылдын 10-апрелинде, Мариям Жанкорозова 2023-жылдын 7-июлунда дайындалган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз