Журналисттердин жапырт камалышы. Махабат Тажибек кызы массалык баш аламандык уюштурган деп айыпталууда
Ушундай эле айып Азамат Ишенбековго да коюлду
Темиров Live жана “Айт айт десе” медиаларанын директору Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, ошондой эле Азамат Ишенбековго массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылды. Бул тууралуу Болот Темиров социалдык тармакта билдирди.
«Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 278-берененин 3-бөлүгү боюнча айып тагылды. Башкача айтканда, экөө уюштуруучу катары таанылды», - деп жазган Темиров.
Эске сала кетсек, 16-январда Темиров Live медиасынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, сурактан кийин 48 саатка камашкан.
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козгогон.
Фото www