Журналисттердин жапырт камалышы. 11 адамдын бардыгы СИЗО-1ге киргизилди
Мындай чечимди борбор калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды
Кечээ кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы күнү кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасын тандады.
Тергөө судьясынын чечими менен бардык кармалгандар 2 айга СИЗО-1ге киргизилди.
Тагыраагы камакка алынгандар: Махабат Тажибек кызы (Темиров Live медиасынын директору), Сапар Акунбеков («Айт айт десе»), Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» акыны), Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»), Актилек Капаров («АлгаМедиа»), Тыныстан Асыпбеков («ПолитКлиника»), Максат Тажибек уулу (Темиров Live), Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков.
Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу”) боюнча шектелүүдө. Мындай айып менен 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Эске салсак, 16-январда Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 11 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, сурактан кийин кармашкан.
Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги басылмалардан табылганын билдирип, бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Сүрөт: www