Балбак Түлөбаев: Таза жүргөн журналисттер “тентектерин” тарбиялашы керек
Депутат президентти медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө чакырды
Депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 18-январда ЖКнын жыйынында президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө чакырды. Ал журналисттер дагы өз ара сүйлөшүп, алардын “аксакалдары” жана “таза жүргөндөрү” негизсиз каралоо материалдарды жасаган журналисттерди “тарбиялап” ич ара тазаланышы керектигин билдирди.
- Урматтуу президент, журналисттерди, сот органдарын, прокуратураны, акыйкатчыны чогултуп, сүйлөшүңүз. Четтеги коомчулук сизге кайрылуу жасап атат. Парижде, Токиодо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо отурган эксперттер биздин ички саясатыбызды үтүр-чекитине чейин кайдан билет? Алар бул жактан барган кат, билдирүүлөрдү эле алып жатат. Ошон үчүн журналисттер менен сүйлөшүш керек. Журналисттер кээ бир нерселерди жазбай деле койсо болот, алар өздөрүн өздөрү жөнгө салыш керек. Түз жүргөн, аксакал журналисттер тентектерин тарбиялашы керек. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет. Өлкөбүз өсүп-өнүгүп келатат. Эч кимге жалдырабай өзүбүздүн саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып атабыз. Бирок ушуга окшогон кээ бир нерселер залакасын тийгизет, - деди Балбак Түлөбаев.
Фото www