Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттердин жапырт кармалышы. Журналисттик иликтөө фонду тынчсыздануусун билдирди

“Биз Кыргызстандын бийлигин камактагы журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтоосуз токтотууга чакырабыз”

Кыргызстанда журналисттердин жапырт камалып, 24.kg маалыматтык агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, кылмыш иштеринин козголушуна байланыштуу Журналисттик иликтөө фондунун кайрылуу жарыялады.
Төмөндө кайрылуунун толук тексти:

«15-16-январь күндөрү Кыргызстандын тарыхында журналисттердин эң ири массалык камакка алынышы орун алды. Темиров Live медиасынын 11 журналистине “массалык баш аламандык уюштуруу” айыбы тагылып, кармалышты. 24.kg маалымат агенттигине карата «Согушка үгүттөө» беренеси боюнча иш козголуп, редакцияда тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүүнүн жүрүшүндө басылманын компьютер, ноутбуктары жана электрондук маалымат каражаттары алынып кетип, 24.kg агенттигинин жетекчилери суракка чакырылды.
Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

Камакка алуу учурунда мыйзамдык жол-жоболордун бузулушу, анын ичинде коргонуу боюнча негизги укуктун, тинтүү жана сурак учурунда бардык камакка алынгандардын адвокаттар менен камсыз болбогону өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
11-октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын 17-жыйынында Кыргыз Республикасы 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп шайланганы өлкөгө адам укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт.
Өлкөнүн Конституциясына ылайык, ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө жана өз пикирин эркин билдирүүгө ажырагыс укугу бар. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн эркин жүргүзө алышат. Кесиптик ишмердүүлүк менен алектенген журналисттерди кармоо улуттук мыйзамдарды жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди бузуу болуп саналат.

Мамлекетти өнүктүрүүнүн жана коомдун кызыкчылыктарын камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары журналисттик иликтөөнүн маанисине көңүл буруу зарыл. Иликтөөчү журналисттер өлкөдөгү коррупция, бюрократия жана мыйзамсыз иштер тууралуу коомчулукка маанилүү маалыматтарды берип, коомдук байкоочу катары кызмат кылышат.
Мамлекеттин өнүгүү контекстинде журналисттик иликтөө мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылып, коррупцияга каршы күрөштө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына олуттуу жардам көрсөтөт.
Ал жоопкерчиликтүү башкарууга өбөлгө түзөт жана мамлекеттик түзүмдөрдүн оң жагына өзгөрүшүнө түрткү берет. Иликтөөчү материалдар коомчулукта чоң резонанс жаратып, жарандар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда зарыл диалогду камсыздай алат.

Белгилей кетсек, камакка алынган көптөгөн журналист-иликтөөчүлөр өлкөдөгү коррупциялык схемаларды жана бюрократизмди ачыкка чыгарууга чоң салым кошушкан жана алардын камакка алынышы басма сөз эркиндиги жана демократиялык жетишкендиктерге кооптуу шарттарды түзөт.
Биз Кыргызстандын бийлигин камактагы журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтоосуз токтотууга жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүн камсыздап берүүгө чакырабыз».

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх