Президенттин иш башкармалыгы "Чолпон-Ата" эс алуу үйүн калыбына келтирет
“Профсоюздар федерациясы иштетип келген пансионатты атайын банкрот кылышкан”
Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" эс алуу үйү калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал эс алуу жайы толугу менен иштебей, жараксыз абалга келгенин белгиледи.
- Профсоюздар федерациясы иштетип келген пансионатты атайын банкрот кылып, жеке менчикке сатуу планы болгонун жергиликтүү активисттер айтышты, - деди Туманбаев.
Президенттин иш башкаруучусунун айтымында Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган пансионатты иштетүү боюнча иш-чаралардын планын түзүү башталды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз