Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСин куруу үчүн насыя алат
Президенттин айтымында, бийлик кайсы долбоор, кандай шартта жана качан өзүн-өзү актай турганын так эсептеп чыккан
Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу үчүн насыя алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, азыр бийлик насыяга келгенде «эки өлчөп, бир кес» принциби менен иш алып барып, кайсыл долбоор, кандай шартта, качан өзүн-өзү актай турганын так эсептеп чыгышкан.
«Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу үчүн насыя алууга даярбыз. Жакында каражат алабыз. Бул ГЭС бүтсө 12-13 жылда өзүн актап, Токтогул суу сактагычы мамлекетке пайда алып келе баштайт», - деди Жапаров.
Бирок Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору, президент айткандай, “ойго салат”.
«Сумма абдан чоң. Долбоор 35-40 жылдан кийин өзүн актайт, бирок биздин мамлекет мындан ары туюк эмес – транзиттик мамлекет болот. Тышкы карызсыз ишке ашыруу үчүн долбоорду ишке ашыруунун башка жолдорун издеп жатабыз. Кудай буюрса бул маселени чечип, темир жолдун курулушун баштайбыз», - деди Садыр Жапаров.
Буга чейинки маегинде ал тышкы карызды жана насыя маселесин саясатташтырбоого чакырган.
Фото www