Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Ошондой эле агенттиктин директорунун биринчи орун басары дагы иштен кетти

Канатбек Тургунбеков министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Мындан сырткары, аталган агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев дагы ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматына 2023-жылдын февралында дайындалган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх