ЖКнын бюджет комитети ЖМК жөнүндө мыйзамды караган жок
Бул жөнөкөй мыйзам эмес, чоң саясат. Министр келип, деталдуу талкуу болушу керек”
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 22-январда ЖМКлар жөнүндөгү жаңы мыйзамды Маданият министринин катышуусуз караган жок.
Мыйзам долбоорун тааныштырууга маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу келди. Бирок депутаттар мыйзам долбоору маанилүү экенин, анын орун басары эмес, министр алып чыгышы керектигин айтышты.
Депутат Камила Талиева жыйынга мыйзам долбоорун жыйынтыктоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мурат Укушевдин да келиши керектигин белгиледи.
«Эл аралык уюмдар көз карандысыз маалымат каражаттарынын пикири эске алынбай жатканын белгилешет. Кошумчалай кетсек, Акыйкатчы институту өз комментарийлерин даярдаган. Кеңири талкууларды өткөрүү керек. Бул жөнөкөй мыйзам эмес, чоң саясат. Министр келип, кеңири талкуу болушу керек», - деди ал.
Аны Турак жай комитетинин башчысы Данияр Төлөнов да колдоду. Ал мыйзам долбоорун Маданият министринин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда кароо керектигин айтты.
Фото www