ЖК комитетинин күн тартибинен экинчи ирет ЖМКлар боюнча мыйзамды алды
Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 23-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен экинчи ирет алды.
Депутаттар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри келбегени үчүн документти кароого мүмкүн эмес экенин айтты.
Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен мыйзам долбоору министр өзү келгенге чейин күн тартибинен алынды.
Эске салсак, Кечээ, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынган.
Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.
Фото www